Коом

УКМК: 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай,УКМК КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө  пара алууга шектүү катары  Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны Т.Н. кармалды.

Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган милиция кызматкери КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button