Коом
Ош медициналык колледжинин мугалимдери пара алууга шектелип кармалды

ИИМдин маалыматы боюнча, окуу жайдын студенттери милицияга пара талап кылган мугалимдерге чара көрүү арызы менен кайрылган.
Тергөө учурунда бир мугалим 6 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Экинчи мугалимдин жанынан мурда белгиленген 13 500 сом табылган. Ошондой эле коррупциялык схемага ортомчу болгон студенттин жанынан 5 миң сом табылган.
Мындан тышкары, колледждин директорунун орун басары кармалып, анын жанынан 2 миң сом алынган.





