Коом
Баатыр энелердин пенсиясына 5000 сомдон кошулушу мүмкүн
Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, өкмөткө жиберди.
Учурда 7 жана андан көп баласы бар энелер пенсияга чыкканда кошумча 1000 сом гана сый акы берилет. Депутат Камила Талиева аны 5000 сомго көбөйтүүнү сунуштаган.
Министрлер кабинети бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап сумма боюнча чечим кабыл алат.
Кыргызстанда баатыр эне статусуна ээ 121 аял бар.



