Коом
Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди
Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматында, 14-март күнү саат 10:49да Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде очогунда күчү 3,4 баллды түзгөн жер титирөө катталды.
Силкинүү Ош облусунун Араван районунун Мангыт, Кочубаев жана Кызыл-Коргон айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө 1-мартта да катталган. Силкинүү Ош облусунун Араван районунун Керкидан, Ноокат районунун Найман айылдарында 3 балл болгон.
Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече жолу силкинди.



