Коом

Мэриянын рейди учурунда Ош базардагы соодагерлер сабалганы айтылды

Бишкекте Ош базарында көчөдө соода кылгандарга каршы рейд учурунда соодагерлер ур-токмокко кабылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы билдирди.

Бишкекте мэриянын кызматкерлери милициянын коштоосунда Ош базарында көчөдө соода кылгандарга рейд уюштуруп, соодагерлер ур-токмокко алынган. Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы билдирди.

Депутаттын айтымында, рейдди мэриянын кызматкерлери милициянын атайын багыттагы кызматкерлеринин коштоосунда жүргүзгөн.

«Сиздер жакшы билгендей, соода кылгандардын көбү аялдар. Аларды ук-токмокко алышып, товарлары менен бирге арабаларын «Тазалыктын» унаасына жүктөп кетиптир. Алар «бүгүн товарлар менен арабаларды алып кетели десек, айыппулу 10 эсе кымбат чыгып жатат» дейт. Азыр ыйык Орозо айында аялдарга аяр мамиле кылып, (көчөдө соода кылгандар менен — ред.) башка жолдор менен күрөшүүнү сунуштайм. Алмазбек Акунжанович (президенттин парламенттеги өкүлү – ред.), урматтуу төрага бул маселени өз көзөмөлүңүздөргө алып берип коюңуздарчы», —  деди депутат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button