Коом
Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өттү. Токтом кабыл алынды
Тиешелүү чечимди министрлер кабинети кабыл алды. Бүгүн Акылбек Жапаровдун катышуусунда жыйын өткөн.
«12 жылдык билим берүүгө өтүү менен 5-6 жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Мектепке чейинки даярдоо программасынан өтүп келген мугалимдер квалификациясын жогорулатып, 1-класстарды окутууну улантышат», — деп билдирди өкмөт.
Учурда мектептерде мектепке чейинки даярдоо үчүн 4048ден ашык класс уюштурулулганы белгиленди.
Буга чейин билим берүү министри мектептеги окуу узартылбай турганын, азыркы нөлүнчү класстар биринчи класс болуп саналарын билдирген.



