Коом
Казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Буга чейин Кыргызстандын УКМКсы Жуманбаевди кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп айыптаган эле.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, казакстандык ишкер кечээ, 19-июнда, Кыргызстанга келип, тергөө органдары менен жолуккан. Анын жыйынтыгында Жуманбаев Көлбаевдин ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси жок деп табылып, кылмыш иши токтотулду.



