Коом

Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкканы белгилүү болду

Бишкектин Биринчи Май райондук соту алдамчылыкка шек саналып кармалган Бекзат Өмүрбековду 20-мартта үй камагына чыгарганы белгилүү болду.

Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы 27-мартта ырастады. Ага ылайык, шектүү келтирилген чыгымды төлөп бергени үчүн бөгөт чарасы өзгөртүлгөн.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) ага март айынын башында Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, сот 1-майга чейин убактылуу кармоочу жайга камакка аллган.

Милициянын маалыматы боюнча, ал жана дагы бир адам жергиликтүү тургундардын бирине жетекчилик кызматка ишке орноштурууга убада берип, 50 миң доллар акча алышканы аныкталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button