Балыкчы шаарында милициянын жаңы аймактык пункту ачылды — ФОТО

28-март күнү Балыкчы шаарында дагы бир жаңы милициянын аймактык пунктунун салтанаттуу ачылышы болду. Салтанатка шаардын мэри Арнабек уулу Азамат, шаардык милициянын жетекчилиги жана өздүк курамы, ошондой эле шаардын коомчулугу катышышты.

Ачылыш аземинде шаар мэри милициянын жаңы аймактык пунктунун ишке берилиши, милиция менен коомчулуктун эффективдүү жана ачык-айкын иштешин камсыздоо аракетиндеги маанилүү кадам экенин белгиледи.

Милициянын аймактык пункту шаардын стратегиялык жеринде жайгашкандыктан, шаар тургундарынын суроо-талаптарына жана муктаждыктарына өз убагында жана компетенттүү жооп берерин ишендирип кетти.

«Бул демилге, мындан ары жарандарыбыздын турмушун жакшыртып, укук коргоо органдары менен коомчулуктун байланышын бекемдейт деп ишенем. Жаңы аймактык милициянын пунктунун эшиги жардамга муктаж, же коомдук коопсуздукту сактоого салым кошууну каалаган ар бир адам үчүн ачык болот», — деп жыйынтыктады Арнабек уулу Азамат.

Милициянын жаңы аймактык пунктунун ачылышы, шаардын көчөлөрүндө көзөмөлдү күчөтүү жана коопсуздукту камсыз кылуу гана эмес, коомдук тартипти жана укук тартибин камсыздоо процессине жарандардын активдүү катышуусун стимулдаштырууну көздөйт. Шаардын борборунда жайгашкан пункт, жарандарга жардам көрсөтүү жана колдоо көрсөтүүчү кызматтан сырткары, кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, элдерге сервистик тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды координациялоочу борбор катары да кызмат кылат.
Иш-чара Балыкчы шаарынын мэриясында «Коопсуз өлкө – туруктуу келечек» деген ураан алдында форум менен уланып, укук тартибин камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана милиция менен коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелери талкууланды.



