Камчыбек Ташиев «Крокус Ситидеги» окуя боюнча: Террористтер улутка карабайт, бүтүндөй улутту күнөөлөгөнгө болбойт
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Россиядагы террористтердин аракети боюнча фейсбук баракчасына кайрылуу жасады. Анда К.Ташиевдин жеке жана калыс пикири камтылган. Кайрылуу орусчадан кыргызчага которулуп, өзгөртүүсүз берилди.
“Кыргызстан «Крокус Сити Холлдо»болгон окуяны кайгыруу менен кабыл алып жатат. Террористтердин улуту жок жана Россия Федерациясында улуттар аралык кастыкты козутууга жана мигранттарга каршы маанайды көтөрүүгө кызыкдар террористтик уюмдардын мүчөлөрүнүн үстүнөн жүрүп, болгон окуяга бүтүндөй улутту күнөөлөө туура эмес.
Мен өз кезегимде Тажик Республикасынын атайын кызматтарынын адептүүлүгүн баса белгилей алам, алардын террордук жана экстремисттик уюмдар менен күрөшү тынымсыз өз нугунда жүрүүдө.
Жалдоочулардын таасири астында каалаган мамлекеттин жарандары болушу мүмкүн, бирок теракттын буюртмачылары бир улуттун өкүлдөрүн кокусунан тандап алышкан эмес.
Боордош өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын биргелешкен аракеттери «жалган исламчылардын»кылмыштуу максаттарын ишке ашырууга жол бербейт деп ишенем», — деп билдирди Ташиев.



