Коом
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтчү үч округда 42 адам Жогорку Кеңештин депутаты болуу ниетин билдирди
БШК арыздарды кабыл алууну токтотуп, талапкерлерди каттоо процессин баштады.
Шайлоого катышууга белсенгендердин саны:
Баткен округу боюнча — 12 талапкер.
Кара-Суу округу боюнча — 12 талапкер.
Ош округу боюнча — 18 талапкер, анын ичинен 2 аял.
Бул аймактардан шайланган депутаттар Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Айбек Осмонов Райым Матраимов менен байланышы бар деп мандатынан ажыратылган.



