Коом

Камчыбек Ташиев 2022-жылдагы кагылышууда жаракат алган чек арачы Дастан Шариповго батирдин ачкычын тапшырды — ФОТО

Бүгүн, 2023-жылдын 19-сентябрында Министрлер Кабинетинин орун басары — Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган, чек ара кызматкери Шарипов Дастан Абдрасулович менен жолугушту. 

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдирди.

Жолугушуу учурунда, Министрлер Кабинетинин орун басары — Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. Шарипов Дастан Абдрасуловичке Бишкек шаарындагы 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Мындан сырткары, КР УКМК төрагасы согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи, ошондой эле Ташиев К.К. согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.

Маалымат иретинде: 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Д.Шарипов минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан айрылган, ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесинен майда темирдин сыныктары алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button