Коом
Кыргызстанда бир жумада сегиз адам COVID-19 инфекциясын жуктуруп алды

Кыргызстанда бир жумада COVID-19 инфекциясынын сегиз учуру катталганын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы билдирди.
Анын ичинен Бишкек шаарында – 5, Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 1 учур катталган.
Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.



