Окуялар

УКМК: Жети-Өгүз районунда курал-жарак сакталган жай табылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу боюнча активдүү иш-чараларды улантууда.

2024-жылдын 30-мартында УКМКнын Чек ара кызматынын сапёрлор тобунун катышуусу менен жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы эски сүт-товар фермасынын аймагынан курал жарак сакталган жашыруун жер аныкталып, андан “РГД-5” үлгүсүндөгү 2 кол гранатасы, 2 даана чет өлкөлүк жарык-үн чыгаруучу граната, 4 түтүн бомбасы, 7,62х54 калибрдеги снайпердик курал үчүн 16 патрон жана 5,45х39 калибрдеги Калашников автоматы үчүн 42 патрон табылган.

Мындан улам, аталган факты боюнча курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу  боюнча иликтөө иштери башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button