Коом
Транспорт министри Бишкектин “кыштан чыкпай калган көчөлөрү” боюнча айтылган сынга жооп кайтарды
Министр соңку күндөрү ведомствонун жана өзүнүн жеке дарегине ар кандай ачуу сөздөр айтылып жатканын жазды. Текебаев өлкөдө болжол менен 34 миң чакырым унаа жолу болсо, анын 19 миң чакырымга жакыны Транспорт министрлигинин балансында экенин айтты. Ал эми Бишкектин көчөлөрү мэрияга караштуу экенин эскертти.
“Аң-чөнөктөрдүн пайда болушу — табигый процесс. Ал аба ырайынын өзгөрүшүнө жана жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнө байланыштуу болот”, — деди министр.
Ошондой эле мэрия, министрлик дагы жолдорду оңдоого болгон күчүн жумшап жатканын айтты.



