Коом

ИИМ: Мыйзамсыз  алынган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы “Дженго” каймана аттуу Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана түштүк региону боюнча “положенец” учурунда  2022-жылы кылмыш жолу менен
алынган каражатка Ош облусунан имараты бар жер тилкесин  алып, кийин башка жаранга каттатканын аныктаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматкери билдирди.

Маалыматка караганда, ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1972-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кармалып,
Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда Кадырбек Досоновдун мыйзамсыз кирешелерин легалдаштыруу фактыларын аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен жогорудагы жеке оорукана курулган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

 

 


Тектеш кабарлар

Back to top button