Коом

БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова мыйзам бузган Шайлообек Атазовду коргойбу?

Кыргызстанда акыркы учурда бир топ депутаттар мыйзам бузганы үчүн жана дагы башка бир себептерге байланыштуу мандатынан ажырашты.

Шайлоо учурунда мыйзам бузуу менен  парламентке келип, депутаттык мандатты алган Шайлообек Атазовдун үстүнөн Абдрухманхажи Муртазалиев сотко арыз жазган эле.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Бишкектин №29 Свердлов районундагы 2022-жылдагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарып, ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган эле.

Эскерте кетсек, шайлоодо баштапкы эсеп боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добуш алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, буга добуш сатып алуу фактысы негиз болгонун билдирген.

Андагы шайлоодо алдыда келген үч талапкер – Шайлообек Атазов, Абдурахманхажи Муртазалиев жана Аскар Алмаз уулу бири-бирин добуш сатып алууга айыптаган эле.

Шайлообек Атазовдун депутаттык мандатын  жокко чыгарган соттун чечими  үстубүздөгү 1-мартта чыкса  да эмнегедир бул чечимди БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова айым аткарбай жатканы таң калтырбай койбойт. Арадан бир айдан ашык убакыт өтсө да Шайлдабекова айымдын Шайлообек Атазовдун депутаттык мандатынан ажыраткысы келбей турганы эмнени каңкуулайт. Же БШК соттун өкүмүнөн өйдө деп эсептейби?  Шайлдабекова буга чейин бир нече депутаттарды соттун чечими менен унчукпастан мандатынан ажыратса Шайлообек Атазовго келгенде такалып, көрмөксөн, билмексен болуп турганын кандай түшүнсөк болот?

Эскерте кетсек, Шайлообек Атазов “Мекеним Кыргызстан” аттуу партия менен да шайлоодо ат салышкан. Ал партия айтылуу Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз миллиондорунан түзүлгөнүн коомчулук билет.

Балким, бул партия БШК башчысы Нуржан айым менен жең ичинен соодалашып, “табакташ” да кылып койдубу. Бул  эми божомол. Бирок, ошентсе да Нуржан Шайлдабекова мыйзамды аткарбаса, тиешелүү органдар иликтеши керек. Антпесе, ар кандай ой кетет экен… — деп билдирди шайлоочулардын бири Касым Атабеков.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button