Коом

Кара-Көлдө өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди жасаган шектүү камакка алынды

Кара-Көл шаарында өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди жасаган шектүү камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча жабырлануучу тарап 11-апрелде Кара-Көл ШИИБне арыз менен кайрылган. Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 31-март күнү болгону такталган жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү 62 жаштагы Кара-Көл шаарынын тургуну Т.А. камакка алынды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button