
Казакстандын президенти эстеликтин тургузулушу казак элинин бир тууган Кыргызстанга болгон терең урматынан кабар берерин белгилеген.
«Архитектуралык бул эмгек түрк элдеринин тамыры бир экенин айгинелейт. Бул — Манаска эле тургузулган эстелик эмес, казак менен кыргыздын түбөлүктүү боордоштугунун эстелиги. Өлкөлөр ортосундагы достук бузулбас болоруна ишенем«, — деген Токаев.



