Коом
Министрлик фермерлер үчүн iDyikan тиркемесин иштеп чыкты

Айыл чарба министрлиги фермерлер үчүн iDyikan тиркемесин иштеп чыкты. Бул тууралуу ведомствонун жетекчиси Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, жакынкы аралыкта бул тиркеме «Кыргыз спутник» мамлекеттик компаниясы менен интеграцияланат.
«Тиркемеден фермерлерди түйшөлткөн бардык көйгөйлөрдү, атап айтканда, талааларда жана мал чарбачылыгында эмне болуп жатканын, ошондой эле каржылык жана башка маселелерди көрүүгө болот», — деди министр.



