Коом

УКМК: Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоого өзгөртүү киргизилди

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан  билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомуна «Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоого” өзгөртүүлөр киргизилди.   

Тактап айтканда, 2024-жылдын 15-августуна чейин КРга 2024-жылдын 25-июнуна чейин алынып келинген тастыктоочу документтери жок болгон мобилдик түзүлүштөрдү каттоону кийинкиге калтыруу жарыяланды. Ошондой эле милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттери тармактан ажыратылбайт.

Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында түзүлүштөрдү каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, анын ичинде кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерлерине жүктөлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button