Коом
Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азая баштады

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азая баштады. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-майга карата жалпысынан кызамыктын 9 миң 509 учуру катталган.
Негизинен кызамык менен 1 жашка чыга элек ымыркайлар (профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык вакцинанын биринчи дозасын алганга чейин) жана 1 жаштан 8 жашка чейинки балдар ооруп жатышат.



