БШК 3 округдагы шайлоонун акыркы жыйынтыгын 12-майга чейин чыгарат

БШК 12-майга чейин округ боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктайт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин маселе жаралса 3 күндүн аралыгында округдук шайлоо комиссияларына даттанууга болот.
Округдук шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколдорунун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу менен округдун аймагында жалпылаштырылган таблицаны түзүшөт жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышат.
Округдук шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө чечимдери округдук шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаргандан кийин, 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанууга болот.
Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиянын протоколдук маалыматтарынын негизинде добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 12-майына чейин) округ боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине нааразы тараптар үч күндүн ичинде сотко даттана алат.



