Коом
15-майга карата аба ырайы

15-майга караган түнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Шаршембиде республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Талас аймагында +28…+33, Ысык-Көл жеринде +23…+28, Нарын өрөөнүндө +20…+25 градус жылуу болот.Күндүн табы борбор калаада +34…+36, Ош шаарында +34…+36 градуска чейин көтөрүлөт.



