Коом

№166 маршруттагы бустар автобустарга алмаштырылды

Бүгүндөн баштап Бишкектеги №166 маршрут боюнча автобус каттай баштады. Буга чейин бул каттамда кичи автобустар жүргөн. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттам боюнча 20 автобус 8-10 мүнөт аралыкта жүрөт.

Маршруттун акыркы аялдамалары Ауэзов көчөсүндө жана Сокулук тараптагы Алтын-Ордо конушунда жайгашкан.

«Коомдук транспорттун кыймылын «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинен көзөмөлдөөгө болот. Алардын ар бири GPS-трекер жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырыларын эскертти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button