УКМК: Алай районундагы Гүлчө айылында мурда автобазага тиешелүү блоктор жана жерлер мамлекетке кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында мурда автобазага тиешелүү болгон административдик блоктор, ошондой эле жалпы аянты 036,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында жер тилкелерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Гүлчө айылынын аймагында жайгашкан административдик блокторго жана 036,5 га аянттуу жер тилкесине жеке менчик укугун берүүчү мамлекеттик актыларын (кызыл китеп, техпаспорт) мыйзамсыз негизде алганы аныкталган.

Аталган жер тилкеси административдик блоктору менен бирге өлкө мыйзамдарын бузуу аркылуу алып-сатуу келишиминин негизинде жеке тарапка өткөрүлүп берилгени аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, административдик блоктор жана жер тилкеси ыктыярдуу шартта мамлекеттин менчигине кайтарылып, Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына киргизилди.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.



