Ирандын кырсыкта каза болгон президенти Раиси менен коштошуу зыйнаты башталды

Иранда тик учак кырсыгында каза болгон президент Эбрахим Раисинин ордуна жаңы мамлекет башчыны шайлоо 28-июнга белгиленди. Бүгүн 21-майда өлкөнүн Чыгыш Азербайжан провинциясынын борбору Тебриз шаарында кырсыкта каза болгон жетекчилер менен коштошуу зыйнаты башталды.
Аза күтүү иш-чаралары бардык шаарларда, негизгиси 22-майда борбор калаа Тегеранда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин катышуусунда өтөрү маалымдалды.
Маркумдардын сөөгүн жерге берүү 23-майга белгиленди.
20-майда Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, биринчи вице-президент Мохаммад Мохберди мамлекет башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Эбрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып байланышка чыкпай калган. Тик учактын кыйроосунан аман калгандар жок экени 20-майда расмий кабарланган.



