Дүйнө

OpenAI өспүрүмдөр үчүн ChatGPT for Teens версиясын ишке киргизди

OpenAI 13 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн коопсуздук чаралары күчөтүлгөн ChatGPT for Teens атайын версиясын ишке киргизди.

Жаңы версияда өзүнө зыян келтирүүгө, ошондой эле романтикалык жана сексуалдык мазмундагы баарлашууларга байланыштуу кошумча чектөөлөр каралган. Ошондой эле чат-бот өспүрүмгө өзүн адамдай сезимдери, эмоциясы же жеке сезимдери бардай таасир калтырбашы керек.

Эгер система колдонуучунун 18 жашка чыга электигин аныктаса же колдонуучу 13–17 жашта экенин көрсөтсө, аккаунт автоматтык түрдө ChatGPT for Teens версиясына өткөрүлөт.

Өспүрүмдөрдүн билим алуусуна да өзгөчө көңүл бурулган. Чат-бот даяр жоопторду бербестен, окуучуга маселени өз алдынча чечүүгө жана окуу материалын түшүнүүгө жардам берүүгө багытталат.

Мындан тышкары, ата-энелер үчүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү киргизилет. Аккаунттарды байланыштыруу аркылуу ата-энелер «тынч сааттарды» белгилеп, айрым жогорку тобокелдик учурларда баланын коопсуздугу боюнча билдирүүлөрдү ала алышат. Бирок ата-энелик көзөмөлдү туташтыруу үчүн өспүрүмдүн макулдугу талап кылынат.

Бул чаралар өспүрүмдөрдүн жасалма интеллект чат-боттору менен болгон мамилесине байланыштуу ата-энелердин жана адистердин тынчсыздануусу күчөп жаткан учурда киргизилүүдө.

Common Sense Media уюмунун 2025-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, АКШдагы өспүрүмдөрдүн 70 пайыздан ашыгы ИИ чат-ботторун баарлашуу үчүн колдонгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button