Коом

«Ала-Тоо» аянтынан кызыл китепке кирген бүркүт алынды

«Ала-Тоо» аянтына кызыл китепке кирген бүркүттү алып келишкен. Аны Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл жана биологиялык ресурстар кызматынын кызматкерлери рейд учурунда байкашкан.

Аталган башкармалыктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда Бишкектин Ала-Тоо аянтында башкармалыктын кызматкерлери Кызыл китепке кирген бүркүттү кармашкан.

«Эреже бузуулар жөнүндө кодекстин 262-беренесин бузгандыгы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат», — деп баса белгиледи Жаратылыш ресурстар министрлиги.

Кызматкерлер куштун ээсине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, бүркүттү алышкан. Куш жаратылышты коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button