Коом

Бишкекте бир нече жол оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. ТИЗМЕ

Бишкекте жайы менен бир топ көчө оңдолгону жатат. Бул тууралуу мэрия маалымдап, жабыла баштаган көчөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Толук оңдоо үчүн жабылган көчөлөр:

Ахунбаев көчөсү. Ч. Айтматов проспектинен Токтоналиев көчөсүнө чейин;

Байтик баатыр көчөсү. Токомбаевден Сүйөркулов көчөсүнө чейин.

Жарым-жартылай тосулган көчөлөр:

Манас айылы көчөсү. Ч.Айтматов проспектинен Кырман көчөсүнө чейин;

Коңорчок көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн сууга чейин;

Матросов көчөсү. Кулатовдон Лев Толстой көчөсүнө чейин;

Көкчө-Тоо чолок көчөсү. Щербаков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

Нарвская көчөсү. Профсоюздан Бородин көчөсүнө чейин;

Февраль көчөсү. 8-март көчөсүнөн Коллектив көчөсүнө чейин;

Керамическая көч., Аул көчөсүнөн мечитке чейин;

9-кичи районунун түндүк тарабы, №3б, 5б. Саманчин көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;

Исаков көчөсү. Ташкент көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин;

Эркиндик бульвары. Жибек Жолу проспектинен Абдымомуновго чейин;

Ахунбаев көчөсү. Шабдан баатыр көчөсүнөн Достоевскийге чейин.

Мындан тышкары, Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки бөлүгү жана Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү бир нече этап менен оңдоло турганы айтылды.

Мэрия айдоочуларга каттамды алдын ала пландап алууну өтүнүп, жол тыгынын жаратпай коомдук транспортко түшүүнү сунуштаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button