Коом

Бишкекте адам уурдап, 370 миң сомун тартып алган шектүү кармалды

Бул тууралуу Октябрь райондук милициядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылы 1-июлда милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, ошол жылы 28-февралда И. аттуу жаран менен белгисиз адамдар аны унаага салып, бир жакка алып кетип, ал жерден уруп-сабап 370 миң сомун тартып алган.

Аталган факт боюнча “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Арадан дээрлик 11 ай өткөндөн кийин шектүү катары 27 жаштагы Ж.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Иликтөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button