Окуялар

УКМК: Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери 45 миң сом пара менен кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 45 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери А.А.И. пара менен кармалды.

Кармалган жаран кызмат абалынан пайдаланып, бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп, Кара-Суу районундагы Лангар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (“опузалап пара алуу”) негизинде кылмыш иши козголду. Атайын иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.А.И. КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка опузалоо фактыларын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынан да аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button