Коом

Чолпон-Атада опузалап талап кылган жаран кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам маалымат алышып, анда Ысык-Көл облусунда жарандардан акча талап кылып, мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн айрым адамдар бар экени айтылган.


Маалымат текшерилип, анын жүрүшүндө кичи автобус айдаган О.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “Чолпон-Ата-Бишкек” каттамы боюнча иштөө мүмкүнчүлүгү үчүн 3500 доллар акча талап кылган «Т» аттуу жигитке чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүлүп, Чолпон-Ата шаарында 1981-жылы туулган Ш.Т. аттуу жаран 310 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 1981-жылы туулган Ш.Т. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин тартибинде кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Соттун чечими менен кармалган жаранга баш коргоо чарасы бир айга камакка алуу түрүндө тандалды.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button