Окуялар

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду

Бүгүн 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин саат 13:00го карата маалыматына караганда, атышуу уланууда.

Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы деген жерде чек аранын шарттуу сызыгынан мыйзамсыз өтүп, Кыргызстандын аймагында кирип келген тажик чек арачыларын аныкташканын, алар кыргыз тараптын Кыргызстандын аймагынан чыгуу тууралуу мыйзамдуу талабын аткарбай, кыргыз чек арачыларына карата ок чыгарганын, ортодо атышуу башталганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тажик тарап миномет колдонду.

Баштапкы маалымат боюнча, кыргыз тараптан жараат алгандар же жабыркагандар жок.

Кыргызстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин башчылары телефон аркылуу байланышып, атышууну токтотуу тууралуу макулдашканын, бирок ошого карабастан тажик чек арачылары дагы эле атып жатканын, абалдын курчуп кетишине жол бербөө чаралары көрүлүп жатканын белгилеп, тажик аскерлерин тез арада кыргыз тарапка ок чыгарууну токтотууга чакырды, болбосо, жооп берилерин эскертти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button