Пайдалуу кеңештер

Уйкусуздук, алсыроо, чарчоо. Жашы өтүп бара жаткан айымдарга кандай витамин пайдалуу

Уйкусуроо, алсыздык, чарчаңкы абал кээ бир витаминдердин жетишсиздигинен пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу гинеколог Екатерина Волкова айтканын «Доктор Питер» басылмасы жазды.

Адис өзгөчө 40 жаштан өткөн аялдар ден соолугуна тыкыр кам көрүшү керектигин айтып, көбүнчө төмөнкү витаминдер сунушталып келерин белгилеген:

D витамини кальцийдин сиңишине жардам берип, сөөктүн бекем болушуна жооп берет. Ошондой эле кант диабети, инфаркт, семирүү жана аллергияны алдын алат. Бул витаминдин жетишсиздиги депрессияга өбөлгө болот.

А витамини теринин сапатына, репродуктивдик системанын ишине жооп берет.

Е витамини жыныс гормондорунун синтезинде маанилүү роль ойнойт. Атеросклероз менен тромбозду алдын алып, терини ультра нурдан коргоп, боордун иштешине кам көрөт.

В группасындагы витаминдер калкан бези менен эритроциттер үчүн керектелет. Нерв системасынын өрчүшүнө, мээге керектүү витаминдердин бири болуп саналат.

С витамини организмди зыяндуу заттардан коргоп, муун менен теринин структурасы үчүн зарыл.

Анткен менен адис витаминдерди өзү билемдик менен ичүү туура эместигин, анын кесепети оор болорун эскерткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button