Коом
Нурдан Орунтаев кызматтан кетпей турганын айтты

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев кызматынан кетет деген кептерди четке какты.
Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармактарда Мамкурулуштун жетекчиси кызматынан кетип, Ош шаардык мэриясын жетектейт деген маалымат тараган. Ал эми Ош шаарынын азыркы мэри Бакыт Жетигенов Бишкек мэриясына келет деген айың кептер дагы коштолгон.



