Коом
Баткенде өрүктүн статуэткасы орнотулууда

Мындай демилге 1969-жылы төрөлгөн достордун ынтымагы менен башталган. Дагы саналуу күндөрдөн кийин Баткен шаарына өзгөчө көрк кошкон кандек өрүктүн статуэткасы орнотулат.
Бул тууралуу «Баткен таңы» басылмасы жазды.
Бишкекте жасалган сары өрүктүн бою 5 метрден ашык. Алыстан Баткендин символун даңазалаган 1969 — жылы төрөлгөн достордун элине болгон бул белеги ынтымактын, биримдиктин жана мекенчилдиктин символу болуп калмакчы.



