Коом
Бүгүн Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат

Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди.
Бул жол тууралуу көп жылдан бери айтылып келет. Көптөгөн маршруттары талкууланып, соңунда Торугарт — Арпа — Макмал — Жалал-Абад вариантына токтошкон.
Бул темир жол Кытай менен Борбор Азияны бириктирет. Андан соң Европа өлкөлөрүнө жана Перси булуңуна жол ачылат. Кыргызстан бул жол аркылуу транзиттик өлкөгө айланарына үмүт артууда.
Садыр Жапаров аталган долбоор республиканын экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошорун айткан. Салыктан эле бул темир жолдун бюджетке жылына 25-50 миллион доллар алып келери күтүлүүдө.
@abal-kg



