ИИМ: Октябрь Урмамбетов милициянын ардагери Айтбоосун Жумадылов менен жолукту

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов ички иштер органдарынын ардагери 89 жаштагы Айтбоосун Жумадылов менен кезигип келди. Жолугушуу Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы ардагердин үйүндө өттү.
Октябрь Урмамбетов ардагерге көп жылдык кызматы жана Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, Айтбоосун Жумадылов — эрктүүлүктүн, өз кесибине берилгендиктин үлгүсү болуп, милиция кызматкерлеринин азыркы муунун көптөгөн жакшы иштерге шыктандырып келет.
Жолугушуу учурунда Октябрь Урмамбетов ардагерге ыраазычылык кат жана баалуу белектерди тапшырып, Айтбоосун Жумадылов сыяктуу инсандар өзгөчө урмат-сыйга жана жогорку баага татыктуу экенин белгиледи. Министрдин орун басары ардагерге чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.
Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесин белгилөө өлкөнүн тарыхында мыйзамга жана элге кызмат кылуунун кылымдардан бери келе жаткан салтын символдоштурган маанилүү окуя болуп калат. Быйылкы тарыхый жылда Ички иштер министрлиги өздөрүнүн алдыңкы ардагерлерин урматтап, алардын мыкты сапаттарын үлгү катары алышып, милициянын татыктуу жана ар намыстуулук менен улантууга умтулуп жатышат.



