Ош облусунун имамдарына диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

Учурда Ички иштер министрлиги тарабынан жарандардын диний радикалдашуусун алдын алуу, экстремизмге каршы аракеттенүү багытында тийиштүү иш-чаралар жүзөгө ашырылууда.
Алсак, 2024-жылдын 9-июль күнү Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Ош облусунун имамдарына диний экстремизмди, терроризмди, улуттук жана аймактар аралык кастыкты козутууну алдын алуу, жарандар арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, сабаттуулукту жогорулатуу боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Ратбек Турусбеков имамдарга жарандардын диний радикалдашуусун, Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын катарына кошулуусун алдын алуу, дин жаатындагы сабаттуулукту жогорулатуу, мыйзамдарда каралган жоопкерчиликтер, ИИМ тарабынан аткарылган иш-чаралар тууралуу кенен түшүндүрмө берди.
Андан сырткары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлөмүнүн башчысы Султанали Гапуров, теология илиминин докторлору Самаган Мырзаибраимов менен Сайфулла Базаркулов диний агымдардын пайда болуу себептери жана коомго тийгизген таасири, жарандардын диний сабатсыздыгын жоюу, жаштар жана аялдар арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү, салттуу диндин концепциясы жөнүндө айтып беришти.
Бул иш-чара 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, бул иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.



