Коом

18-июнга карата аба ырайы

18-июнь, шейшембиде, республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас аймагында +26…+31, Ош, Жалал-Абад облустарында +31…+36, Баткен өрөөнүндө +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарында +22…+27 градус болот.

Борбор калаада жана Ош шаарында күн күркүрөп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бишкекте күндүн табы +31…+33, Ошто +33…+36 градуска чыкса, термометр Чолпон-Атада +22…+24 градусту көрсөтөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button