Окуялар

Бакудан Грозныйга бараткан учак Казакстанда кулап, 52 киши каза тапты

Казакстандын Актау шаарында Баку — Грозный каттамындагы учак кулап, 52 киши каза тапты. Казакстандын ЖМКлары Транспорт министрлигине таянып, учакта кыргызстандын 3 жараны бар экенин жазып жатышат.

Актау шаарынын жанында кулаган учак топ куштарга урунганы айтылууда. Бакудан Грозныйды көздөй бараткан учак тумандан улам алгач Махачкалага жөнөтүлүп, кайра Актауга багыт алганын РИА Новости билдирди. Embraer 190 бортунда 72 жүргүнчү болгону, арасында 12 киши аман калышкан.

Анда 67 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү болгон. Маалыматтарга караганда, бортто Азербайжандын 37, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жана Орусиянын 16 жараны болгон.

Кыйраган учакта Кыргызстандын 3 жараны болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button