Ысык-Көлдө милиционерлер дайынсыз жоголгон уулун Казакстандын жаранына кайтарып беришти

25-июнь күнү Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Казакстандын жараны Шугылы Сейсеновадан кооптуу кайрылуу келип түшкөн. Эне, анын 25 жаштагы уулу, 1-топтогу майып Шарип дайынсыз жоголгонун билдирген. Анын айтымында, бул күнү алар Жеңиш айылынын жанындагы көл жээгиндеги балдар реабилитациялык борборунда дарыланып жатышкан. Кечинде, саат болжол менен 21:30 чамасында Шарип көл жээкке чыгып, изсиз көздөн кайым болгон.
Арыз Жети-Өгүз РИИБде катталып, өздүк курам дароо дайынсыз жоголгон адамды издөөгө багытталган. Издөө иштерине тартылгандан Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери милициянын улук лейтенанттары Ишенбек уулу Адилет, Актилек Рахманов жана милициянын лейтенанты Эрлан Асаналиевдер тез аранын ичинде масштабдуу издөө иштерине киришишкен.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам жүргүзүлгөн иштеринин натыйжасында, түнкү саат 03: 00 чамасында дайынсыз жоголгон Казахстан Республикасынын жараны коңшу Ак-Терек айылынын жанынан табылган. Табылган Шарип кубанычтын жана ыраазычылыктын көз жашын бата албаган энеге дароо кайтарылып берилди.
Шариптин энеси милиция кызматкерлерине жоопкерчиликтери жана ыкчамдыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул окуя укук тартибин гана камсыз кылбастан, эң оор кырдаалдарда жардамга келүүгө дайым даяр болгон кыргыз милиция кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана жоопкерчилигин көрсөтөт деп белгиледи.



