Коом

Ноокатта электр чубалгылары толугу менен калыбына келтирилип бүттү

Бүгүн саат 11:00гө карата Ноокат районунда селдин кесепетинен бузулган 10 кВ электр чубалгыларынын тирөөчтөрүн калыбына келтирүү аяктады. Иштер Ош электр тармактары ишканасынын энергетиктери тарабынан жүргүзүлдү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, натыйжада Ноокат району боюнча 66 жаңы электр мамылары орнотулду. Учурда калктуу коңуштардагы дээрлик бардык абоненттерге электр энергиясы берилди.

Белгилей кетсек, аталган иштерди «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков иштин жүрүшүнө жеке өзү көз салып, координация жана колдоо көрсөттү.

«Энергетиктер селден жабыркаган электр жабдууларын тез арада калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшады», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button