
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры чыгармачылык гастроль менен Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Театрдын программасы:
11-майда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Жалил Садыковдун калемине таандык «Төлгө» спектакли тартууланат;
12-майда «Саманчынын жолу» (Ч.Айтматов);
13-майда «Эр Төштүк» (Ж.Садыков);
14-майда «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы» (А.Чехов);
15-майда «Темир аял» (Ш.Башбеков).
Спектаклдердин баары Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында саат 18:30да башталат.
Андан соң гастролдор Жалал-Абад облусунда жана Алай районунда уланары кошумчаланды.



