Коом

Сот мурдагы Билим берүү министрине 1,5 миллион сом төлөп берүү милдеттендирди

Бишкек шаардык соту мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевди күнөөлүү деп таап, мамлекетке 1,5 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Экс-министр «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыптуу деп табылган. Айып пулдан тышкары, мурунку министр мамлекеттик кызматта үч жылга чейин иштөө укугунан ажыратылган.

Бейшеналиев райондук соттун 22-апрелде чыккан чечими менен макул болбой кийинки инстанцияга кайрылган. Бишкек шаардык соту 1-июлда ишти карап, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган.

Эске салсак, Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын бирине чет элдик студенттерди кабыл алуу үчүн 110 миң доллар пара алган деп 2022-жылдын сентябрында кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button