Коом

Ошто президенттин тапшырмасы менен түлөө өткөрүлдү


Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен сел кырсыгына байланыштуу Ош шаарында түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Иш-чарага табият кырсыгы менен жеринен таанышуу үчүн барган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, элге, жерге аманчылык тилеп, жакшылыктарды каалады.

«Жерибиз титиребесин, элибиз битиребесин, Кудай ушундай апааттардан, жаратылыш кырсыктарынан, күтүлбөй келген жамандыктан сактасын. Мындан ары элибизде жакшылыктар болсун!», — деди ал чогулгандарга сүйлөп жатып.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button