Спорт
Азия чемпионаты – 2024: Грек-рим күрөшү боюнча Эрлан Манатбеков коло утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Манатбеков Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында 3-орунду ээледи.
Манатбеков 130 кг чейинки салмак ченинде биринчи айлампаны өткөрүп, чейрек финалдан баштады.
Анда казакстандык Мансур Шадукаев аттуу спортчуну 9:1 эсебинде артта калтырды. Жарым финалда ирандык Амин Мирзазадеге 0:9 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Ал эми коло үчүн беттешин өзбекстандык Исломжон Рахматов менен өткөрүп, 3:0 эсебинде утту.



