Коом

ИИМ: Улан Ниязбеков Катардын Кыргызстандагы Элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен кызматташтыкты талкуулады

2024-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Улан Ниязбеков белгилегендей бүгүнкү күндө эки мамлекет ортосунда соода, коопсуздук, энергетика, саламаттык сактоо, инвестициялар жана туризм сыяктуу маанилүү чөйрөлөрдө кызматташтык активдүү өнүгүүдө экендигин белгиледи.


ИИМдин жетекчиси кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү максатында, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Катар Мамлекетинин Ички иштер министрлигинин ортосундагы жылуу жана достук мамиледе болуп келе жаткан кызматташууну мындан ары дагы өркүндөтүп өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде Али Жабир Мухаммад Аль-Куран Аль-Масри Катардын Кыргызстандагы Элчилиги эки тараптуу мамилелердин мындан аркы жемиштүү өнүгүшүнө даяр экендигин баса белгиледи.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button