Коом

Эми соттолбогондук тууралуу маалымкатты 3 саат ичинде алса болот

ИИМ жаңы санариптик кызмат ишке киргенин билдирди.  

Бул үчүн «Tunduk» мобилдик тиркемеси же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу «адамдын соттолгондугу жөнүндө маалымкат алуу үчүн арыз берүү» кызматын тандоо керек. 

Маалымкатты үч сааттын ичинде алуу үчүн арыздар саат 9:00дөн 14:30га чейин кабыл алынат. Ошол эле күнү саат 18:00гө чейин ээсинин колуна тиет.  

Кызматтын баасы 1090 сом. 

Бул мамлекеттик кызматты үч саат эмес, бир же үч күндүн ичинде да алса болот. Буга жараша баасы да арзан түшөт. Тагыраагы, бир күн ичинде алсаңыз 191 сом, үч күндө алам десеңиз 86 сом төлөйсүз.  

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button